Чуңкурчактагы Fly Jump спорт комплексинин ээси Н.уулу А. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Мындай маалыматты Жогорку сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
"Аламүдүн райондук сотунун 2024-жылдын 26-августундагы чечими менен Н.уулу А.га карата кылмыш иши жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү тарабынан жеке-ачык айыптоодон баш тарткандыгына байланыштуу токтотулган", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, ,былтыр, 2024-жылы 6-июль күнү Чуңкурчак капчыгайында бийиктиктен секирген эркек киши арканы үзүлүп кетип каза болгон.