Польшада беларус жараны унаасынын үстүнө чыгып, бир нече жол кырсыгын жаратты (видео)

Беларус жараны Польшанын борбору Варшавада бир нече жол кырсыгына себепкер болуп кармалганын чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматтарга караганда, ал Hyundai үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып BMW менен кагышкан. Андан соң S8 трассасына чыгып, жүк ташуучу автоцистерна менен Peugeot үлгүсүндөгү унаага зыян келтирген. Бирок ал эч нерсеге карабастан айдоону улантып, унаасынын үстүнө чыгып алган.

Аз ылдамдыкта бара жаткан унаасы жолдун боюндагы тосмону сүзгөндөн кийин ал жолдун четине кулап түшкөн. Андан кийин беларус жараны жүк ташуучу унаанын чиркегичине бир канча аралыкка чейин жабышып барган. Муну менен токтобогон ал кийимдерин чечип, жылаңачтанып алып жол жээги менен чуркап, Nissan үлгүсүндөгү унаанын айнегин сындырган.

Беларус жараны айдоочулар тарабынан кармалып, чакырылган күч органдары аны алып кеткен.

16.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан