Бишкекте киши тоноого шектелген 26 жана 27 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 6 күн мурун, тагыраагы, 10-апрелде шектүүлөр чала тааныш адамды унаа тейлөө жайларынын биринде мыйзамсыз кармашкан. Алар ал жерден аны коркутуп, Мбанк аркылуу 23 миң сомун электрондук капчыкка котортушкан жана белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.