Кара-Сууда жер тилкелер мамлекетке алынды. Биринин баасы мүлкү менен чогуу 61 миллион сомдон ашат

Ош облусунун Кара-Суу районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдагандай, Кара-Суу шаарындагы 0,10 гектар жер тилкеси турак жайы менен жана Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан 10 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

Башкы прокуратура натыйжада базар баасы 61 миллион 883 миң 620 сомду түзгөн 0,10 гектар жер турак жайы менен жана 10 гектар сугат айдоо жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан