Өлкөдө бир күндө абактарда жазасын өтөп жаткан эки жаран каза болду. Бул маалыматты бүгүн, 16-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, алар 14 апрелде узакка созулган оорудан улам каза болушкан. Бири 62 жашта. Ал 2016-жылдын 10-июнунда Баткендин Лейлек райондук сотунун өкүмү менен 16 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) "Аткезчилик", "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшошторду же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү" беренелери менен айып тагылган.
Ал 19-мартта №3 мекемеден Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абакка которулган. Мекеме кургак учук оорусунан эки өпкөсү тең жабыркагандыктан анын абалы күндөн-күнгө оорлошо бергенин, дарылар көзөмөл менен берилип турганын белгиледи. Соттолуучу кант диабети менен да ооругандыктан 14-апрель күнү абалы кескин начарлаган. Тилекке каршы, өз убагында көрсөтүлгөн жардамарга карабастан саат 17:40 чамасында каза болгон.
Каза болгон экинчи жаран 35 жашта. Ал Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) "Киши өлтүрүү" беренеси менен 18 жыл 4 айга эркинен ажыратылган. Ал Жалал-Абад шаарындагы №10 мекеме көчүрүлгөнүнө байланшытуу Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абакка которулуп, кайра 11-апрелде Жалал-Абаддагы Бай-Мундуз айылына көчүрүлгөн №10 абакка жөнөтүлгөн.
Ал жерден соттолуучу карантиндик бөлмөгө жайгаштырылып, кабыл алуу учурунда мекеменин медициналык кызматкери тарабынан текшерилип, ал тараптан ден соолугуна байланыштуу даттануу болгон эмес. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 35 жаштагы жаран жазасын өтөп баштагандан тарта жүрөк оорусуна байланыштуу мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылып, тийиштүү дарылануусун алып турганын белгиледи.
Ал 14-апрель күнү болжол менен саат 9:30 чамаларында өзүн начар сезип жатканын билдирген соң дароо мекеменин медициналык бөлүмүнө жеткирилген. Мекеменин дарыгери тарабынан медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, алдын ала жүрөктүн коронардык оорусу, инфаркт миокарды диагнозу коюлган. Ошондой эле дарыгер соттолуучуну Базар-Коргон шаардык ооруканасына алып чыгуу керек экендигин билдирип, мекеменин "Тез жардам" унаасы менен Базар-Коргон шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал жерден көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан 35 жаштагы жаран саат 12:05 чамасында каза болуп калган.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы факты Базар-Коргон РИИБине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын белгилеп, азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин кошумчалады.