Кытай бийлиги ата мекендик авиакомпанияларга америкалык учактарды алып келүүнү токтотууну буйруду. Пекин ошондой эле авиациялык жабдууларды жана учактын тетиктерин сатып алууну да толугу менен токтотууну талап кылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Кытайдын жарандык авиациясы Bloomberg агенттигине комментарий берүүдөн баш тартканы жазылат. Агенттиктин айтымында, тарифтердин өсүшү негизи эле учактарды Кытайга жеткирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты, анткени америкалык өндүрүүчүлөр өтө чоң чыгымдарга дуушар болушат.
Белгилей кетсек, АКШ Кытайдан барган товарларга бажы төлөмүн акыркы ирет 145 пайызга көтөргөн. Ал эми Кытай болсо 125 пайызга жогорулаткан.