Өлкөдө канча айыл чарба техникасы бар экени айтылды

Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күндө республика боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар экенин билдирди.

Анын ичинен:

  • трактор – 22 341 даана;
  • соко – 11 544 даана;
  • үрөн сепкич – 3 356;
  • малалар – 14 635 даана;
  • жер семирткич чачкыч - 811 даана;
  • арык казгыч – 1389 даана;
  • жер тегиздегич – 2006 даана;
  • трактор чиркегич – 9088 даана жана башка

Белгилей кетсек, учурда жазгы талаа айдап-себүү жумуштарына айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 90 пайызды түздү.

Өлкө боюнча талаа жумуштарына бардыгы болуп 19 741 трактор катышууда. Аны аткарууга жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан