Бишкектеги Клиникалык оорукананын эки бөлүмү оңдоодон кийин ишке берилди (видео)

Бишкекте Клиникалык оорукананын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн поликлиника жана кардиология бөлүмү ишке берилди. Бул туурасында президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, акыркы үч жыл ичинде Клиникалык ооруканада чоң өзгөрүүлөр болду.
"Бул аралыкта мекемеде кеңири масштабдагы капиталдык оңдоолор жүргүзүлдү. Реанимация, жалпы профиль бөлүмү, күндүзгү стационар, бактериологиялык лаборатория, кир жуугуч жана тамактануу бөлүмдөрү толугу менен жаңыланды. Ошол эле учурда инженердик системалар — суу, электр, жылуулук, канализация, полдор, эшик-терезелер, чатырлар жана короо аймактары да толук жаңыртылды. Ар бир бөлүмдө заманбап жабдуулар орнотулуп, кызматкерлерге шарт түзүлдү.
Медициналык тейлөө да жаңы деңгээлге чыкты. Бейтаптарга УЗИ, томография, рентген, гастроскопия жана башка диагностика ыкмалары менен кызмат көрсөтүлүүдө. Электрондук төлөм, МИС системасы, онлайн каттоо – мунун баары элдин убактысын үнөмдөп, оорукана ишинин ачык-айкындуулугун арттырууда. Айлыктар жогорулап, жаңы адистер тартылды", - деп белгиленген билдирүүсундө.
Ага улай Туманбаев клиниканын жалпы имаратынын 65 пайызы капиталдык оңдоодон өткөндүгүн кошумчалаган.
16.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан