Депутат жолдо мыйзамсыз токтотулган унааларга жеринде айып салууну сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов жолдо мыйзамсыз токтотулган унааларды эвакуация кылбай, жеринде айып пул салууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында айтты.

Депутат бул боюнча элден кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, жарандар жеке компанияларга кошумча төлөм төлөөгө мажбур болуп жатканын билдирди.

"Жеке компаниялар жолдо мыйзамсыз токтотулган унааларды айып короолорго эвакуация кылып, элибиз унааларын ошол жактан алып кетип жатыптыр. Ошол токтоп турган унааларга ордунда эле айып пул салынса, элге кошумча төлөм болбойт эле. Жеке компаниялардын чөнтөгүнө элдин акчасы кетип жатыптыр. Эвакуаторлорго кошумча төлөмдөр болуп жатат", - деди депутат.

Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул боюнча тийиштүү протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

16.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан