Нарын шаарындагы "Ала-Тоо" стадиону толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап 5000 орундуу спорттук комплекс болот. Бул туурасында шаардык мэрия маалымат таратты.
Кабарга ылайык, ири долбоор УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык ишке ашууда.
"Бул долбоор Нарын шаарынын келечектеги спорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана жаштардын дени сак жашоо образын тандашына чоң түрткү берет", - дешти мекемеден.
Долбоорду даярдоо үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 миллион 300 миң сом бөлүнүп берилди.