Малайзияда көчөгө Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилиши мүмкүн

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Куала-Лумпур шаарынын мэри Маймуна Мохд Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

14-апрелде орун алган жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын борбор шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү маселелери талкууланды.

"Анда шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, көрктөндүрүү, коомдук траспортту жакшыртуу, экологиялык абалды оңдоо жана узак мөөнөттүү шаарды пландаштыруу тармактарында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу орун алды.

Малайзия тарап Кыргызстандын муниципалитет кызматкерлерине үчүн тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин билдирди", - деп жазылды анда.

Ошондой эле элчи Анарбаев 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Куала-Лумпур шаарынын көчөлөрүнүн бирине улуу жазуучунун ысмын ыйгаруу сунушун киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан