Баткенде аскер кызматкери постту таштап кетип калган. Ал Бишкектен кармалды

Баткенде постту таштап кетип калган аскер кызматкери Бишкек шаарынан кармалды. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну, А.А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 389-беренесинин 4-бөлүмү (Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү) боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан издөөдө болгон.

Бул факты боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, аскер кызматкеринин жүргөн жери такталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан