Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо "Манас" улуттук академиясынын имараты боюнча маселе көтөрдү.
"Манас" улуттук академиясында бир топ эпосту изилдеп, жайылтып келе жаткан бирден бир илимий жана маданий борбор. Бүгүнкү күндө ушул "Манас" академиясын көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатат. Эки бөлмөгө эптеп иштеп атышкан жеринен бул жерде Инвестиция боюнча улуттук агенттик жайгашып, ошол агенттик "Манас" академиясын чыгарып жатат. Ушуга көңүл бурулушу керек", - деди депутат.
Ошондой эле депутат Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин иши тууралуу маалымат алууну да сунуштады.
"Манас" академиясы ушул убакка чейин "Манас" үчилтигин том-том кылып китебин чыгарып, "Манас" боюнча изилдөөлөрдү өткөрүп, бир топ биздин улуттук руханий мурастарды жайылтып келе жатса, биз аны кайра тебелеп-тепсеп, "Манасты" эшикке чыгарып койсок, анда өтө осол болот", - дейт эл өкүлү.
Депутат өкмөттүн парламенттин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, айтылган маселеге көңүл буруп коюуну суранды.