Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбавдин кезектеги рейди Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Шамшат, Х.Мирзакантов, Бостон жана Ф.Мирзажанов көчөлөрүндө болду.
Шаар башчысы көчө аралап бара жатып арыкка саркынды суулардын агып жатканына күбө болуп, "болуп жатат эле дейсиз" деп көчө башчысынын ишин сынга алды. Ошондой эле аймактык башкармалыктын жетекчисин зекип, тийиштүү иштерди тез арада алып баруу тапшырмасын койду.