Бишкекте 2025-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин TEXPO IV — мода жана текстиль чөйрөсүндөгү ири эл аралык көргөзмө өтөт. Иш-чарага бизнестин ишенимдүү өнөктөшү жана өлкөдөгү финансы секторунун лидерлеринин бири Бакай Банк башкы демөөрчүлүк кылууда.
TEXPO кийим, текстиль, аксессуар чыгаргандардын, дизайнер, кол өнөрчү, ритейлер жана технологиялык компаниялардын башын бириктирип, аларга тажрыйба алмашууга платформа түзүп, кыргыз бренддеринин өнүгүшүнө дем берет. Бул жөн гана көргөзмө эмес, бул өлкөнүн экономикасы менен креативдүүлүгүнүн өсүү тепкичи.
— TEXPO сыяктуу ири демилгелерди колдоо бул Кыргызстандын экономикасына салым кошуу экенине ишенебиз. Бакай Банк жаратмандар, өнүгүүгө умтулгандар жана дем берүүчүлөр менен дайыма бирге. Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөгү чоң потенциалды байкап келебиз, андыктан эл аралык аренада өнүгүүсү үчүн мейкиндик түзүп берүүгө аракеттенүүдөбүз", — деп белгиледи Бакай Банктын маркетинг департаментинин директору Мокушева Айдай.
TEXPO’ну колдоо — Бакай Банктын ишкерликти өнүктүрүү жана чакан, орто бизнестер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча көп жылдык стратегиясынын логикалык уландысы. Банк эсеп продуктулары, онлайн-эквайрингден баштап өнүгүү жана экпортко пайдалуу насыя тизмектерине чейинки каржылык кызматтардын көптөгөн түрлөрүн сунуштайт.
TEXPO 2025 көргөзмөсү өткөн күндөрдө Бакай Банк өзүнчө бренд зонада кызматтарын тааныштырат: Андан катышуучулар төмөнкүлөр менен тааныша алат:
Бакай Банк маданият жана ишкерлик демилгелерге активдүү инвестиция кылуу менен өлкөдөгү маанилүү иш-чаралардын бир бөлүгү болууда. Ошондой эле өзүнүн кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.
TEXPO көргөзмөсүн колдоо — бул жөн гана демөөрчүлүк эмес, Кыргызстандын товарларына, эмгегине, талант жана стилине ишенимдин жогорку көрсөткүчү.