"2026-жылдын аягында толугу менен бүтөт". Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдү ээлерине тапшырды

Бүгүн, 16-апрелде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Маликов көчөсү №91 дарегиндеги турак жай комплексинин 476 батирин жарандарга тапшыруу аземи болду. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.

Биринчи этаптын экинчи фазасынын алкагында 1 бөлмөлүү 204 батир, 2 бөлмөлүү 102 батир, 3 бөлмөлүү 170 батирдин ачкычтары ээлерине берилди.

Өз сөзүндө Жапаров бүгүнкү берилип жаткан үй ээлерин куттуктады. Мындай үйлөр Бишкете гана эмес, бардык облустарда, райондордо, кичи шаарларда, жалпысынан республика боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын айтты.

"Өткөн жылдын аягында аталган комплестин биринчи этабында 510 батирди мутаж болгондорго тапшырган элек. Бүгүн бул долбоордун экинчи этабынын ийгиликтүү аякташы "Менин үйүм" программасынын ырааттуу ишке ашырылып жатканын тастыктап турат. Ал эми бул турак жай комплекси 2026-жылдын аягында толугу менен бүткөрүлүп берилет", - деди президент.

Ошондой эле мындан ары да турак жай саясатын ишенимдүү улантып, бардык жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыздоо иши улана берерин кошумчалады.

Садыр Жапаров МИКтин батирлерин жарандарга тапшыруу аземинде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан