Аргентинада түшкөн чагылгандан 3 адам каза таап, 22си жаракат алды

Аргентинадагы Вилья-Хесель курорттук шаарына түшкөн чагылгандан 3 адам каза таап, 22си жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 10-январда жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя пляжда болгон. Эс алуучулар жамгырдан коргонуп чатырга кирген кезде, ага чагылган түшкөн. Каза болгондор 17, 19 жана 21 жаштагылар. Учурда дагы эки айымдын оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланууда.

Белгилей кетсек,  Вилья-Хесель - Атлантика океанынын жээгиндеги курорттук шаарлардын бири. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан