Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев былтыр прокуратура тармагында иштеген 15 кызматкер кызматынан бошотулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирди.
Асаналиев алар кызматтарын талаптагыдай аткарбаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын белгиледи. Ошондой эле ал 381 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылганын айтып, прокуратура тармагында иштегендер да тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.
"Мурункудай жашырып, "карга карганын көзүнүн чукубайт" деген сөздөн алыс болуп, бардыгына бирдей баа берип жатабыз", - деди ал.