Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев парламент депутаттарын шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорундагы кээ бир нормаларды сынга алды.
Жыйында аталган мыйзам экинчи окууда каралып жаткан. Ал аралыктан добуш берүүнү киргизүү жана үгүтчүлөрдүн санын 1000ге чейин көтөрүү коррупциялык элементтерге жол ачат деп эсептейт.
"Мисалы, Биринчи май районунун шайлоочусун ал жактан башка районго чыгарып, ошол шайлоо участогуна добуш бергидей кыла алышат. Ошондо бир топ эле нааразычылыктар болгонун БШК өзү көрөт. Бай эле кишилер жыргайт да.
1000 үгүтчү да туура эмес. Ар бирине 5000 сомдон төлөп, 5 миллион сомду бересиң, мындан жок дегенде сенде 5 миң шайлоочу бар дегендик. Кеңсеге отуруп алышып шайлоо кылышат. Дистанттык добуш берүү добуштуу уурдоо маселесин чыгарат", - деди ал.
Сунушталган документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Мындан тышкары анда өзүн өзү көрсөткөн талапкердин күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго көбөйтүү каралган. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлөт.