“Хомай” ыры менен дүйнөлүк музыка порталдарынын алдыңкы орундарын багындырып жаткан башкортостандык “Ай Йола” тобунун мүчөлөрү ардактуу наамдарга ээ болушту. Башкортостандын башчысы Радий Хабиров жыйында алар жасаган эмгек үчүн ыраазычылыгын айтып, кол койгон жарлыгын жарыялады.
“Биздин уфалык этнотобубуз “Ай Йола" дүйнөлүк музыкалык чарттарга “Хомай” ыры менен кирип, ийгиликтерди жаратып жатат. Мен аларга Башкортстандын маданиятын өнүктүрүүгө кошкон ушундай чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирем жана куттуктайм”, - деп билдирген Хабиров.
Жарлыкка ылайык, музыкант Ринат Рамазанов республиканын “Эл артисти” наамын алса, топтун ырчысы Адел Шайхитдинова менен анын атасы, үн продюсери Руслан Шайхитдиновго “Эмгек сиңирген артист” наамы ыйгарылды.
Айта кетсек, “Хомай” ыры дүйнөлүк Shazam чартында Леди Гага жана Бруно Марс сыяктуу аткаруучуларды артка калтырып, 5-орунда келе жатат.