Парламент президенттик шайлоонун күнүн белгиледи

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекет башчы тарабынан парламентке сунушталган президенттик шайлоонун датасын белгилөө боюнча мыйзамды колдошту.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өлкө башчысын кайра шайлоо 2027-жылдын 24-январында өткөрүүнү сунуштаган.

Мыйзам долбоору үч окууда талкуусуз жактырылды. Эл өкүлдөрүнүн 72си макулдугун берип, карыш болгондор болгон жок.

Белгилей кетсек, буга чейинки президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда дайындалып, 2021-жылдын 10-январында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан