Ошто 28 миңден ашык мөөнөтү өтүп кеткен суусундуктар аныкталды (видео)

15-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылында мыйзамсыз суусундуктар сакталган кампа аныкталды. Бул боюнча Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Мекеме тактагандай, анда жалпы суммасы 1 340 826 сомду түзгөн 28 миң 8 даана 0,5 литр көлөмүндөгү акциздик маркасы жок продукциялар жана мөөнөтү өтүп кеткен энергетикалык суусундуктар табылган.

Аталган факты боюнча жеринде акты түзүлдү. Ал, өлкө мыйзамдарына ылайык, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Салык кызматы акциздик маркасы жок, мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды сатуу мыйзамдарды бузуу болуп саналарын жана укуктук жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

16.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан