SUPER.KG порталына кайрылган Луизя Масабирова кызы Аймээрим булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркап, анын дарылануусу үчүн элден жардам суроого мажбур болуп жатканын билдирди.
Ал кайрымдуу адамдар атын да айтпай келип, чоң суммадагы каражаттарды, жылкыларын, кулагындагы алтындарынан бери чечип берип жатышканын айтат.
"Кызым ден соолугу чың эле төрөлгөн. Баары эле жакшы болуп жаткан. Жөрмөлөгөн, баса баштаган. Бир жарым жашка келгенде басканын азайтып, тургузса ыйлап, кыймылы азая баштады. Кызым жөрмөлөгөнүн дагы азайтып калды. Дарыгерлерге көрүнгөндө башка диагноз коюп, 2 жылдай дарыландык. Былтыр Бишкектеги Жалдагы балдар ооруканасына көрсөткөнбүз. Ал жердеги дарыгерлер СМА деп диагноз коюшту.
Кызымдын бул диагнозун кабыл алуу аябай оор болду", - дейт ал.
Көз жашын тыя албаган эне керектелүүчү эки миллион доллардын бир бөлүгү топтолуп калганын, кыйын күндө жалгыз калтырбаган элге ыраазычылыгын билдирди.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк: Луизя М +996(777)801594
О! Деньги: Бактыгул Т +996(706)169293
Оптима банк: Луизя М +996(777)801594
Оптима банк, Visa карта: Luizia Masabirova 4169585358998036
Каспи банк: Nurgazy M +77005871987
Т банк: 2200700910895415 +79777542033 Токтобаева Ыкыбалкан Алкуловна
Толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.