3-майда Чолпон-Ата шаарында эл аралык Ысык-Көл “Run the Silk Road” марафону старт алат. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.
Маалымдалгандай, марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн спортчуларынын, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрүнүн катышуусу пландалууда. Жалпы 4000ден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө.
Марафондун алкагында 42,2 , 21, 1, 10, 3 чыкырым жана скандинавиялык басуу дистанцияларында жарыш өтөт.
Марафонго www. runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталса болот.