20-апрелден тарта Бишкектеги Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү толук жабылат. Буга байланыштуу айрым автобус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөрөт.
Бишкек мэриясы каттам схемалары өзгөргөн автобустардын тизмесин жарыялады:
- №34 автобус каттамы Курманжан датка көчөсү — Жибек Жолу проспектиси — Ибраимов көчөсү — Чүй проспектиси;
- №35, №45 жана №254 автобус каттамдары Жибек Жолу проспектиси — Лермонтов көчөсү — Чүй проспектиси;
- 169 автобус каттамы Фрунзе — Гоголь — Чүй проспектилери;
- №51 автобус каттамы Курманжан датка — Салиева — Гоголь — Чүй көчөлөрү;
- №8Т, №48, №100 жана №101 автобус каттамдары Курманжан датка — У. Салиева — Суюмбаев — Чүй көчөлөрү;
- №104 жана №146 автобус каттамдары Фрунзе — Суюмбаев — Чүй проспектилери;
- №175 автобус каттамы Жибек Жолу проспектиси — Суюмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт.