Бишкекте жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон делип 20 жана 25 жаштагы жарандар кармалды. Алардын бири милиция кызматкери. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөдө алар өспүрүм менен таанышкан соң аны менен ар кайсы убакта мамиледе болушканы аныкталган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр 2 айга камакка алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.