"Күткөн күн келди" дейт ипотекадан 1 бөлмөлүү батир алган Жантай Жайлообеков (видео)

Бүгүн, 16-апрелде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин жарандарга тапшыруу аземинде Жантай Жайлообеков 1 бөлмөлүү батирлүү болду.

"Бүгүн үй алабыз деп кубанып турабыз. Эртең менен эрте туруп келдик. 2022-жылы кезекке тургам. 3 жыл күтүп, күткөн күн да келди. Ыраазымын",- деди Жантай мырза.

Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда МИКтин батирлери өз ээлерине берилди. Президент белгилегендей, кезекке туруп, батир алып жаткандардын катарында жаш үй-бүлөлөр, мугалим агай-эжейлер, дарыгерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, күч органдарынын кызматкерлери жана чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз бар.

"Кыргызстан – социалдык мамлекет. Андыктан өлкөбүздүн социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу үйлөр менен камсыз кылуу биринчи кезектеги мааниге ээ", - деп баса белгиледи өлкө башчы.

16.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан