Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалындагы "Арсенал" клубуна каршы оюнда "Сантьяго Бернабеу" стадионунун чатырын жабат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мадриддик клуб бул боюнча УЕФАга кат жолдоп, аталган уюм стадиондун чатырын жабууга макул болгон. Чатыр жабылганда күйөрмандардын колдоосу стадиондун ичине жаңырып, атаандашка бир топ ыңгайсыздыкты жаратат. "Реал" буга чейин мындай ыкманы "Манчестер Сити" клубуна каршы колдонуп, ал жардам берген.
Ла Лига оюндарында "Реал" чатырды жабар-жаппасын өзү чечүүгө укуктуу, бирок Чемпиондор Лигасында алар УЕФАдан уруксат алышы керек.
Жооптук оюн бүгүн түнү өтөт. Лондондо өткөн биринчи оюн 3:0 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.