Караколдо беш баш кой уурдоого шектелип эки жигит кармалды

Каракол шаарында кой уурдоого шектүү жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, апрель айында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 2003-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну Э.Э. арыз менен кайрылган. Арыз ээси март айынын аягында жана апрель айынын башында өзүнүн жашаган дарегиндеги сарайдан үч ирет койлор уурдалганын билдирген. Жалпы жонунан беш баш кой жоголгон.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (урдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Ө.Н. жана 2000-жылы туулган А.М. аттуу Каракол шаарынын тургундары кармалган.

"Алдын ала тергөө учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн толук мойнуна алышты. Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга карата 1 айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан