Кара-Кулжада жаңы автобекет жана коомдук-маданий борбор курулат

Ош облусунун Кара-Кулжа айылында 4 гектар аянтка заманбап автобекет жана коомдук-маданий борбор курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районуна болгон иш сапарынын алкагында маалым болгонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 3 кабаттуу коомдук-маданий борбор салынып, анын айланасында бардык айыл аймактарга багытталган жүргүнчү ташуучу автобекет курулат.
Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы долбоордун баштапкы үлгүсү менен таанышып, пландалган иштер боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү жетекчилерге бир катар сунуштарды берди. Ошондой эле ал долбоор сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керектигин баса белгилеп, конкреттүү тапшырмаларды койгондугу кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан