АКШ Йеменде 20дан ашуун аба соккусун жасады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, АКШнын куралдуу күчтөрү Йемендеги "Ансар Аллах" (хусийлер) кыймылы көзөмөлдөгөн аймактарга чабуул койгон. Йемендин баш калаасы Санадагы Аль-Сабин районуна 14 сокку урулса, Саада жана Эль-Жауф провинциялары жабыр тарткан. Мындан тышкары каза болгондор да бар экендиги маалыматта белгиленген.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп 15-мартта аскерлерге Йемендеги хуситтерге каршы иш-аракеттерди баштоого буйрук бергени айтылган.