Ван Дамм Владимир Путинге кайрылды

Белгилүү актёр Жан-Клод Ван Дамм Орусияга барып, тынчтыктын элчиси болууну каалаарын билдирди. Анын кайрылуусунун видеосун украиналык журналист Диана Панченко Telegram каналына жарыялаган.

"Биз Орусияга барууну каалайбыз. Биз бардыгын сиз (ред.: Владимир Путин) каалагандай кылып жасаганга аракет кылабыз. Ошентип биз тынчтыктын элчиси болгубуз келет. Мындай наамга ээ болуу чоң сыймык болмок", - деген ал.

Актёр орус жетекчилиги менен саясат жөнүндө эмес, бир гана тынчтык, спорт жана бакыт тууралуу сүйлөшкүсү келип жатканын белгилеген. "Ошондой эле ал кайрылуусунун акырында орус президентине жана анын үй-бүлөсүнө чоң салам жолдоду", - деп жазышат чет элдик басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан