Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдулатиф бин Рашид Аль-Заяни менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар анда саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнүн жогорку потенциалын белгилешти.
А. Аль-Заяни Бахрейн тарап Кыргызстан менен кызматташуунун өнүгүшүн жогору бааларын жана кыргыз президентинин Бахрейнде боло турган тарыхый сапарына өзгөчө маани берерин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки элдин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн алкагында кызматташууну улантууну макулдашышты.