УКМК вице-спикер Сыдыгалиев жалган айтканын моюнуна алганын билдирди

Бүгүн, 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин "Мегаком" компаниясынын экс-башчысы Акылбек Жамангуловго козголгон кылмыш ишин токтотууда прокуратура органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр орун алган деген билдирүүсүнө байланыштуу текшерүү иштери жүргөнүн маалымдады.

Атайын кызмат вице-спикер, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Жамангуловдун катышуусунда жүргүзүлгөн иликтөөдө маалымат тастыкталбаганын белгилеп, Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылары жок экенин моюнуна алганын билдирди.

УКМК Сыдыгалиевдин маалыматы анык эмес жана чагымчыл мүнөзгө ээ болгондуктан өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши жана элдин бийликке болгон ишенимин жоготушу мүмкүн экенин белгилеп, депутатты мындан ары такталбаган маалыматтарды айтпоого чакырганын ачыктады.

Эске салсак, Сыдыгалиев аталган билдирүүсүн 15-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан