Украинанын биринчи вице-премьер-министри жана экономика министри Юлия Свириденко минералдык ресурстар боюнча АКШ менен келишимдин жаңы кадамдарын жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашууда.
Маалымдалгандай, ал бул билдирүүсүн социалдык баракчасына кечээ, 16-апрелде калтырган.
"Биздин техникалык топтор келишимдин үстүнөн биргеликте абдан катуу иштешти, олуттуу жылыштар болду жана юристтер келишимдин долбооруна туура басым жасады. Мен эки тараптын тең делегаттарына ыраазычылык билдирем", - деп белгиледи Свириденко.
Ал келишим жакынкы аралыкта бүтөт деген ишенимин билдирди.
"Келишим Украинанын Жогорку Радасында ратификацияланууга тийиш. Ал Украинага инвестиция жана өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле эки өлкөгө тең олуттуу экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзөт", - деп кошумчалаган.