Москвадагы мончодогу укук коргоо органдарынын текшерүүсү пландуу мүнөздө болгон жана эч бир өлкөнүн жарандарына каршы багытталган эмес. Мындай билдирүүсүн Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин орус басылмалары жазышууда.
Министрлик белгилегендей, кармалган 59 чет элдиктин 25и Орусияда мыйзамсыз жүргөн. Алардын айрымдары күч органдары тарабынан “радикалдуу топторго таандык” деп шектелүүдө.
"Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары текшерүү жараяны тартылган видеого комментарий берип, ашыкча күч колдонгон деп айыпташууда. Бирок расмий маалыматка ылайык, операция учурунда чет элдик жарандар укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Ошол себептүү бул чет элдиктерге карата тиешелүү чаралар көрүлдү", — деп белгилейт Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.
Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар тараган. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.
Кыргызстандын Эмгек министрлиги 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык коё берилгенин, калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.
Ал эми Орусиянын Ички иштер министрлиги рейд учурунда мигранттарга карата мыйзам бузулбагандыгын айтып үн каткан.