Москвада мончодо сабалган мигранттар: Кыргызстан менен Орусиянын акыйкатчылары жолугушту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн укук коргоочулары жарандардын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жамиля Жаманбаева 10-апрелде Москва шаарындагы “Бодрость” мончо комплексинде болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирди.

"Видео кадрларда кыргыз жарандарынын массалык кармалышы учурунда күч колдонуунун негиздүүлүгүнө суроолор жаралат. Кыргыз жарандарына карата ар кандай административдик же күч колдонуу чаралары процесстик укуктарды, эл аралык милдеттемелерди сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук укуктуу мүчөсү", – деди ал.

Акыйкатчы орусиялык кесиптеши Татьяна Москальковадан кыргызстандыктардын укуктарын коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Өз кезегинде Татьяна Москалькова окуя боюнча анын кайрылуусунан кийин Орусиянын прокуратура жана миграция кызматы текшерүүлөрдү баштаганын маалымдады.

"Бул окуяга мен реакция жасадым жана аны жеке көзөмөлдөйм. Учурда биздин өлкөдө коопсуздукту күчөтүү талап кылынууда. Бирок коопсуздук чараларын күчөтүү менен бирге мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы керек.

Жакында "Шереметьево" аэропортунда эмгек мигранттарына катаал мамиле болуп, документтери узак текшерилип жатканы тууралуу маалымат алдык. Бул маселени Чек ара жана Бажы кызматынын жетекчилиги менен биргеликте карап чыгып, тиешелүү чараларды көрдүк. Мындан ары дагы ар бир конкреттүү учур боюнча иш алып барууга даярбыз", – деди Орусиянын акыйкатчысы.

Акыйкатчы институту чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында Тышкы иштер министрлиги, элчиликтер менен өз ара аракеттенүүнү уланта тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар тараган. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.

Кыргызстандын Эмгек министрлиги 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык коё берилгенин, калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Ал эми Орусиянын Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтери рейд учурунда мигранттарга карата мыйзам бузулбагандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан