Бишкекте адам уурдоого шектелгендер кармалды (видео)

Бишкекте адам уурдоого шектелип 21, 20 жана 27 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде милицияга Ч.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү түнкү саат 03:00 чамасында шектүүлөр менен чырдаша кеткенин, андыктан алар күч колдонуп, Honda Fit үлгүсүндөгү унаасына салышып, Жамгырчинов жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишине алып барышканын, ал жактан бычак менен коркутушуп, ур-токмокко алышып, барсеткасын тартып алышканын айткан. Барсеткасында 6000 сом, REDMI 11 үлгүсүндөгү телефон жана жарандык паспорту болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

17.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан