Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандарына алардын жүрүүсүн мыйзамдаштырууга эки апта убакыт калганын эскертти.
Билдирүүгө ылайык, 30-апрелге чейин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө же алардын укуктук абалын жөнгө салууга милдеттүү.
Орусияда жүргөн кыргызстандыктар өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин
mvd.ru расмий сайтынан көзөмөлдөөчү реестрдеги жарандардын тизмесинен (реестр контролируемых лиц) текшерүүсү керек.
Бардык суроолор боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп. 5, (метро Полянка).