Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев парламенттин бүгүн, 17-апрелдеги жыйынында Бишкектеги мектепте окуучу кыз каза болгон окуяны айтып, мындай жагдайларды алдын алуу зарылдыгын билдирди.
"Кечээ бир бала классташынын денесине залал келтирип, ал кокустан каза болуп калды. Арты кайрылуу болсун! Буга ким күнөөлүү?" - деп Нурбаев билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевга кайрылды.
Министр азыркы учурда аталган факты боюнча Ички иштер министрлиги териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.
Эл өкүлү министрдин жообуна канааттанбай: "Ал териштирүү бир маселе. Ушул жагдайга алып келгенге ким күнөөлүү: ата-энеби, коомчулукпу, мугалимби же баланын тарбиясы?" - деп кайрадан собол салды.
Министр Кендирбаева "баарыбыз күнөөлүүбүз" деп жооп кайтарды.
Андан соң депутат Нурбаев мектептердеги дин таануу сабагын окутуп жаткан мугалимдердин адистигине кызыкты.
"Азыр дин таануу сабагын кимдер берип жатат?" - деди ал.
Министрин айтымында, учурда аталган предметти тарых мугалимдери окутуп жатат.
Эл өкүлү дин таануу предметин теология факультетин бүткөн адистер берсе деген пикирин билдирди. Ал эми Кендирбаева ЖОЖдордун теология факультетин бүтүргөн адистер билим берүү процессинде иштеп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 15-апрелде Бишкектеги мектепте окуучу кыз каза болгону кабарланган.