2025-2026-окуу жылында Кыргызстандын мектептерине 170 миңден ашуун бала биринчи класска барат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Министрдин маалыматына караганда, бул балдардын басымдуу бөлүгү мектепке чейинки даярдыктан өткөн:
"Бирок 821 бала мектепке чейинки даярдоодон өткөн эмес. Бул балдар үчүн 2025-жылдын август айында атайын мектепке даярдоо курстары уюштурулат", - деди министр