Бишкекте баңгизат сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга мурда бир нече жолу соттолгон Бек жана Вика аттуу адамдар чөнтөк уурулук менен алектенгендер менен тыгыз байланышта экендиги жана алардан алынган акча каражаттарына көп өлчөмдөгү баңгизаттарын сатып алып жатышканы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 53, 48 жана 42 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бишкек милициясы тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда 20 даана кутучадагы жалпы салмагы 327 граммды түзгөн кара куурайдын чайыры табылганын белгиледи. Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.