Аба ырайы: Бишкекте жамгыр жаайт

Синоптиктер билдиргендей, эртең, 18-апрелде Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми бийик тоолуу региондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +13 ... +18;

Талас жергесинде түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +10... +15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +11... +16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +8 ... +13;

Нарын дубанында түнкүсүн +2 ... +7; күндүз +7... +12;

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7 ... +9, күндүз +15.. +17 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан