Балбак Түлөбаев мэр болуп турганда бир да мектеп сала албай койгонун айтты (видео)

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев акыркы төрт жыл ичинде канча мектеп салынганына кызыкты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 500гө жакын мектеп курулганын айтып, бул көрсөткүч СССР гүлдөп турганда дагы салынган мектептерден бир канча эсе көп экенин билдирди.

"Биз мэр болуп турганда акчабыз жок бир да мектеп сала албай койгонбуз. Өкмөт каражат бөлүп, Бишкекте 15 мектеп салып берди. Эң сонун", - деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон.

Жогорку Кеңеш 17.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан