2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын 9-турунун алкагында Түндүк Корея менен Кыргызстандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, бул чечим Корей Эл-Демократиялык Футбол ассоциациясы тарабынан кабыл алынды. Айта кетсек, Түндүк Кореянын курама командасы өз үй беттештерин нейтралдуу аймактарда өткөрөт.
Беттеш 5-июнда орун алат. Оюндун так кайсы стадиондо өтөрү жана башталыш убактысы боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгы маалыматта белгиленген.
Эске салсак, март айында Кыргыз курама командасы эки оюн өткөргөн. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун алкагында өткөн оюндарда Кыргызстан Өзбекстанга 1:0 эсебинде утулса, 25-мартта Бишкекте Катарды 3:1 эсебинде жеңген.