Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Ысык-Көлдүн түбүн синтетикалык балык уулоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан тазалоо иштерин кайрадан жандантты. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Маалымдалгандай, 15-апрелде адистер тазалоо иштерин Түп районундагы Күрмөнтү айылынан башташты. Күн аягына чейин, тактап айтканда, саат 17:00гө карата жалпы узундугу 1800 метрди түзгөн 18 балык уулоочу тор көлдөн чыгарылды.
Бул иштер 2023-жылы кабыл алынган №83 токтомго ылайык жүргүзүлүп жатат. Аталган токтомго ылайык, 2026-жылга чейин Ысык-Көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо жана көлдүн флорасы менен фаунасын коргоо максат кылынган.
"Суу астындагы тазалоо иштери 2024-жылдын декабрына чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, андан соң кыш айларында атайын жабдууларды оңдоп-түзөө жана жаңылоо максатында убактылуу токтотулган. Эми болсо жаз айы менен кошо суучулдар ишке кайтып, тазалоо иштерин жыл аягына чейин тынымсыз улантуу пландалууда", - деп жазылат билдирүүдө.