
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагында куткаруучулар 61 жаштагы эркек адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 16-апрелде кечинде Сары-Талаа жайлоосунда тоодон өз алдынча түшө албай калган жаран боюнча маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон түшүрүп беришкендиги маалыматта кошумчаланган.