Кыргызстандык каратечилер Испаниядагы мелдеште 2 коло медаль алышты

Испаниянын Гвадалахара шаарында карате боюнча Дүйнөлүк жаштар лигасы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалымдалгандай, мелдешке дүйнөнүн 80 мамлекетинен 3000ге жакын спортчу катышты.

Турнирдин негизги максаты — жаш каратечилердин арасынан мыкты спортчуларды аныктап, алардын чеберчилигин жогорулатуу. Ошондой эле 2026-жылы Сенегалдын Дакар шаарында өтө турган Жаштар Олимпиадасына катышуу үчүн зарыл болгон рейтингдик упайларды топтоо мүмкүнчүлүгүн берүү болду.

Кыргызстандын намысын бул турнирде "Олимп" олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин үч спортчусу коргоду. Алардын экөөсү өз категорияларында коло медаль тагынышты:

  • Явгет Матвей – 14-15 жаштагылар арасында (70 кг чейин) – коло медаль ээси
  • Кобелев Илья – 16-17 жаштагылар арасында (76 кг жогору) –коло медаль ээси

Экөө тең турнирде жети беттешке катышып, анын алтоосунда жеңишке жетишти.

Бул ийгиликтүү жыйынтыктын негизинде Явгет Матвей өзүнүн жаш курактык категориясында дүйнөлүк рейтингде 9-орунду ээледи. Ал эми Кобелев Илья 11-орунга чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан