Ошто мектеп алдында окуучуларга белгисиз нерсе тараткан унаанын видеосу тарады

Социалдык баракчаларда Ош шаарындагы мектептердин биринде окуучуларга белгисиз нерсе таратып жаткан унаа боюнча видео тарады.

Баракчанын айрым колдонуучулары видео Вотсап тиркемесиндеги группалар аркылуу тарап жатканын белгилешүүдө. Ошондой эле окуучуларга таратылган пакеттин ичинде тааттуу бар экендиги айтылып, аларды жегендер уулангандыгы кошумчаланган.

Окуя Ош шаарынын Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы Барпы орто мектебинин алдында орун алган.

Белгилей кетсек, Ош ШИИБинин басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын айтып, уулангандар тастыкталбагандыгын айтты.

17.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан