Бишкекте 68 жаштагы жаран мыйзамсыз мүрзө сатып келген делип кармалды

Бишкекте мыйзамсыз көрүстөн жай уюштуруп, аны сатып келген деген шек менен 68 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМ шектүү Орок айылынын тоо бетинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жерге өзүм билемдик менен эч кандай уруксат кагаздары жок туруп эле жеке көрүстөн уюштуруп, маркумдарга деп жай сатып жаткандыгын белгиледи.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. ИИМ Ленин районунун прокуратурасы менен биргеликте шектүүнү "маркумду көмүүгө жай бөлүп берем" деп, 40 миң сом алып жаткан жеринен кармашкан.

Министрлик ал учурда убактылуу кармоочу жайда экенин, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

17.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан